четверг, 12 марта 2020 г.


1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ
1.1    БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ

       БАСМА СӨЗ –мезгилдүү (гезит, журнал,жумалык ж.б) жана мезгилсиз (китеп, альбом, жылнаама ж.б) басып чыгарылган басмакана продукциясы. Ар түрдүү маалымат,жаңылык, билдирүүлөрдү таркатуу менен коомдук көз караш, ой –пикирлерди калыптандыруу, саясий жана илим-билимдерди даңазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу менен,дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп,өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ болгон.Чыгармачылык – өндүрүштүк иштерди уюштурууда да басма сөздүн негизи түрлөрүнүн бири гезит болуп эсептелет.( https://ky.wikipedia.org › wiki › Басма_сөз)
      Адамдар ортосундагы маалымат алмашуу кадим замандан эл башталып, коомдук мамилелердин кеңейүүсүнө жана өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Ар коом ар кандай жолдор менен бирине-бирине маалымат берип турушкан. Өз ара маалымат алмашууда гана эмес, коомдук маанидеги маалыматты жайылтуу жана аны сактоо үчүн да басма сөз зарыл эле. Ушул муктаждыктан улам, адамдар атайын тоңдурма майлар сүртүлгөн тактайларга жаза башташты. Анткени андагы жазууларды өчүрүп кайра жазууга мүмкүн эле.Андан ары гипс тактайлары чыгарыла баштаган. Мисалы, Байыркы Римде Юлий Цезардын буйругу менен көрүнүктүү жерлерге сенаттын чечимдери жана эл чогулушунун токтомдору чегилген гипс тактайлары б.з.ч 4-кылымга чейин илинип келген. Японияда чыккан,1635-жылга таандык “Йомиури Каварабата” деп атлган ылай гезити ушул күнгө чейин сакталып турат. ( “Мени тандаган кесип”, М.Арстанбек. 2017. 10-11-бет)
         Алгачкы басма китептерди ксилографиялык китептер деп аташкан (грекче кисло – жыгач, графо – жазма). Мындай китептер  жыгач тактайлардын бетине оюлуп жасалып келген. Бирок бул китептерди окууга көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Дүйнөдөгү эң байыркы басма китеп катары 704-751-жылдардын ортосунда  Кореяда 12 тактайдан басылган китеп эсептелинип келет. Тактайларга китеп басуу бир топ эле кыйынга турган. Анын үстүнө Кытай иероглифтери бир топ татаал болчу. Мына ошондуктан адамдар атайын тамгалардын калыптарын жасоого аракеттенишкен.  Ал эми китеп басуунун жаңы ыкмасын ойлоп табуу б.а өз алдынча литерлерден турган тамгаларды терүү аркылуу китеп жасоо немис басып чыгаруучусу Иоганн Гутенбергге таандык. Ал май сыгуучу кадимки прессти басмакана станогуна айландырып, китеп басууга ылайыкташтырган. Ошентип Гутенбергдин басма машинесинин натыйжасында сөздүн кагазга механикалык жол менен басылып, сакталуусуна шарт түзүлүп, 15 - кылымдын аягында эле Европанын  бир канча шаарларында китеп басыла баштаган.(http://tyup.net/page/kitep-basuu).
    Гутенбергдин басма станогуна чейин Европада 30 миң китеп болгон болсо, 1500-жылы 9 миллионго жеткен. Анын артында китеп окууга чиркөө элиталарынан сырткары жалпы эл мүмкүнчүлүк ала баштаган. Ал эми басма сөздүн өзү биринчи маалымат каражатына айланган.
   15-кылымдын аяк ченинде эле Европанын ондогон шаарларында китеп басыла баштаган. Гутенбергдин шакирттери да китеп басуунун Европага андан ары башка чөлкөмдөргө жайылуусуна чоң салым кошушкан. Эң алгач китеп басуу 1460-1461- жылдары Страсбург шаарында Иоганн Ментелинин “Библияны” басып чыгаруусу менен башталган. Андан кийин Италияда 1465-жылы немис басып чыгаруучулары Конрад Свейнгейм жана Арнольд Паннарцтын аракеттери менен ачылып иштей баштаган. Алар 1472-жылга чейин 36 китеп басып чыгарышкан. Андан ары китеп басмаканалары Венецияда, Миланда, Неопалда, Флоренцияда ачылып, басма иштерин улантышкан.
 Социалдык – экономикалык прогресс, капиталисттик мамилелердин пайда болуусу, колониялык саясаттын жана эл аралык соода сатыктын өнүгүүсү менен толук кандуу маалыматтарды камтыган алгачкы гезиттер чыга баштады. Германиянын Страсбург шаарында эң алгач 1609-жылы “Reletion: Aller Furnenmen” деген гезит басылып чыккан. Мына ошондон тарта 1609- жыл мезгилдүү гезит басылмасынын туулган жылы катары эсептелип келет. Ушул эле жылы Аусбург шаарында “Avisa Relation oder Zeitung” деген жумалык гезит ачылып, аны Лука Шульте деген басып чыгара баштаган. 1630-жылы Европанын 30 дан ашык шаарында жумалык гезиттер чыгып турду. 1609-1700-жылдары Германияда эле 200дөн ашык гезит чыгып турган. 1611-жылы Франциянын биринчи гезити “Франция меркурийи” деген аталыш менен чыккан.
       Биринчи басылма гезиттердин так аталыштары болгон эмес.Басылманын чыккан жери, редактордун аты-жөнү, кайсы басылмадан чыккандыгы тууралуу да маалымат берилген эмес. Жаңылыктардын жайгашуусу маалыматтын маанилүүлүгүнө карап эмес,келип түшкөн убактысына жараша эле жайгаштырылган. Рубрикалар болгон эмес, сенсациялуу макалалар да башка кабарлар менен аралашып жарыялана берген. (“Дуйнолук журналистиканын тарыхы” 2018. 1-БАП)
    
          
    

Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...