Кыргыздын улуттук тамак аштары

Кыргыздар тээ илгертеден эле эттен жасалган тамак ашты дасторкондон узбой, конок келсе жылкы, уй, кой союп, этини бутун казанга асып сыйлашкан. Негизинен эле эттен жасалган тамактарды жана эттин турлору менен дасторконду кооздошкон. Алардын сап башында кыргыздын кул азыгы турат. Бул азыкты кара кесек этти бышырып, кургатып, талкан аралаштырып,
жыгач сокуга жанчып туз кошуп даярдашкан. Муну жоокерлер, жолоочулар же
жол жүргөндөр кайнап турган сууга салып иче беришкен.

Куурдак

Олобо
Олобо — өпкөнүн ичине татымына жараша туздалган майлуу сүт куюп бышырылган чүйгүн тамак. Аны куюлган өпкө деп да аташат. Малдын өпкөсүн бычак тийгизбей
таза сактап союп алуу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин
муздак сууга сала турат. Андан кийин өпкөгө батышынча жылуу суу куюп,
өпкө агарганча чайкайт. Суу менен тазалаган соң, өпкөнүн ичине сары май
салып, тузу өткүл татыган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө
батышынча куюу зарыл. Өпкө сүткө толгондо бир да жеринде темгили калбай,
агарып калат. Сүт төгүлүп кетпес үчүн өпкөнүн оозуна эттен салып,
эки-үч жеринен жип менен катуу байлап коет. Даяр болгон өпкөнү казанга
салып, 45-60 мүнөт жай кайнатат.
Быжы
Койдун кара ичегиси, эт, ич май, күрүч, боор, көк боор,пияз, сарымсак, ашкөк, татымына жараша туз, зире, калемпир, мурч кошулуп жасалат. Быжыны бышыраардан мурда ичеги-карындарды туз
татытылган муздак сууга чылап коюп, фаршын даярдоо керек. Этти кайнатып чыгарып, колго майда туурайт. Шорпосуна күрүчтү салып, күрүч жумшаганча кайнатат.
Тууралган этти шорполуу күрүчкө кошуп, үстүнө калемпир-мурч, зире, ич
май, пияз, сарымсакты туурап, татымына жараш туз салып демдеп коет.
Андан кийин боор менен көк боорду эзип, фарштын үстүнө
куюп, 1-2 аш кашык талкан же ун салып аралаштырат. Даяр болгон фаршты
тузу сиңген ичгегиге куюп, 1-2 саатча жай кайнатып бышырат. Фарш
салынган ичегинин ар бир 30-35 см аралыгы жип менен байланып турушу
шарт. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерлерин ичке ийне менен сайып туруу
керек. Антпесе, жарылып кетиши ыктымал.
Бешбармак
Бешбармак башка тамак-аштардан айырмаланып эч кандай вилка, кашыксыз аты айтып тургандай беш бармак менен, кол менен желет. Бешбармактын эң негизги курамын эт жана камыр түзөт. Ал эми пияз башында турган татымалдар кошулган ачуу чык да абдан маанилүү.
Бешбармак
Бешбармак башка тамак-аштардан айырмаланып эч кандай вилка, кашыксыз аты айтып тургандай беш бармак менен, кол менен желет. Бешбармактын эң негизги курамын эт жана камыр түзөт. Ал эми пияз башында турган татымалдар кошулган ачуу чык да абдан маанилүү.
Улуттук сый тамактын эң чүйгүнү болгон
бешбармак нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча тамак катары калыптанган. Ошон
үчүн аны ушул кезге дейре айрым карыялар “кесме нарын” деп коюшат.
Бешбармакты даярдоо учун: Этти бышырып, жылуу боюнча майда туурайт. Эттин
шорпосуна даяр болгон кесмени салып бышырып, тууралган эттин үстүнө салат да,
даяр чыкты куюп аралаштырат. Үстүнө казы-карта туурап,
дасторконго коет.
Аталган тамак-аштар азыркы кундо той-аштарда жана ар кандай мааракелерде гана жасалбаса, кунумдук тамак катары коп жасап жебей калдык. алардын ордуну палоо, манты, лагман ж.б жасоого оной болгон тамактар менен алмаштырдык.
Мындан сырткары кыргыздын улуттук тьамак аштарына
Комментариев нет:
Отправить комментарий