четверг, 9 января 2020 г.


              Кыргызстандагы Кызыл кундор (майрамдар)

 Ар бир олконун озунун майрамдары болот. Ал майрамдар олконун карманган динине, салттарына, ишенимдерине жараша белгиленет. Кээ бир майрамдар улуттун символдук майрамдары катары майрамдалат. М: Эгемендуулук куну деген сыяктуу.



  Кыргызстан календарында бир жылда он эки расмий майрам белгиленген. Мындан тышкары, кызыл датага кирбеген майрамдар да көп.

1.Жаны-Жыл майрамы.
  Буткул олкого белгилуу болгон бул майрам кыргызстанда 31-декабрьдын 1-январына караган туну белгиленет.
Ушул эле майрам:  Кытай жана Вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.

2.23-февраль Ата -Мекенди коргоо куну

Биздин олкодо 23-февраль Ата Мекенди коргоо куну болуп эсептелет. 2003-жылдан тарта бул күн каленьдарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш осүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Бул күнү айымдар мырзаларын куттуктап, ар кандай белек тартуулашат.Ушул эле майрамды Россия, Белоруссия, Тажикстан мамлекети да майрамдашат. Ал эми Бруней олкосундо бул кун Эгемендуулук куну катары майрамдалат.

3. 8-март. Эл аралык айымдар куну
 8-март европалык өлкөлөрдүн ичинде СССРде гана далайга чейин мамлекеттик майрам болуп келди. 1977-жылы гана БУУнун атайын резолюциясы менен 8-март – Аялдардын эл аралык күнү катары расмий кабыл алынган. Ошондон тарта Кытай, Түндүк Корея, Ангола, Конго, Моңголия, Лаос, Македония жана башка өлкөлөрдө бул күн майрам катары жарыяланган.

4. 21-март Нооруз майрамы
 Кытайдан Балканга чейинки аймакта диний ишеними жана маданияты ар башка болгон элдер бул күндү белгилейт.Бизде бул куну нооруздун символу болгон Сумолок даярдалат. Ар кандай оюн зоок фестивалдары жер жерлерде уюштурулуп, мамлекеттик денгээлде отот.

Map of Nooruz

 5. 7-апрель  Элдик ревалюция куну

7-апрел Апрель ынкылабынан кийин майрам катары тизмеге кирди. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митиннге чыгышкан.Анда элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши набыт болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган.Бул куну кыргызстандыктар эс алышат.
 Дуйнодо бул кун Буткул дуйнолук ден соолук куну катары белгиленсе, Арменияда Эне жана сулуулук куну.

6. 1-май. Эмгекчилер куну

Аты айтып тургандай бул эмгекчилердин майрамы, мекендештерибиз бул куну эс алышат. Кыргызстанда биринчи жолу ал 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Эмгекчилердин эларалык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германии, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген.

7. 9-май. Жениш майрамы

9 май Жеңиш майрамы - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттикГерманиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. Ал эми Эвропа олколорундо болсо бул кун Эвропа Куну болуп саналат. 

 Мындан сырткары
  • 1-июнь Балдарды коргоо куну
  • 5-май Кыргыз Республикацынын конституция куну
  • 31- августь Эгемендуулук куну
  • 1-сентябрь Билим куну
  • 23- сентябрь Эне тил куну
  • 5- октябрь мугалимдер куну 
 
Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулмандардын майрамы жана 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) да майрам күндөрү болуп саналат.

Бул кундору кыргыз эли расмий турдо эс алышат. 










.










 .



Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...