суббота, 4 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыз улуттук кийимдери

                    

                                                                                                                      
Кыргыз улуттук кийимдери (айымдардын)
  Кыргыздын улуттук кийими тарыхый узак мезгилдер бою көчмөн элибиздин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан, турмуш-шартына калыптаган. Орто Азия жана башка элдер менен карым-катнаш таасир кылса да, кыргыз кийими туруктуу улуттук өзгөчөлүккө ээ болгон. Кыргыз кийими байыркы кийимдердин үлгүсүндө бычылып, атка минүүгө жана жерге отурууга ылайык узун жана кенен тигилген. Кыргыз айымдары башка улуттардан айырмаланып жаш курагына жараша кийимдери да озгочолонуп тигилген.
 Жаш курагына жараша кандай кийимдерди кийишкендиги тууралуу тарых барактарынан окуп жургон болсок да, копчулугубуз эле аны толук биле бербесек керек. Кыргыздын улуттук маданияты этномаданият катары гана тарыхтан окулуп калабы деген ойлор да келбей койбойт.
 Айымдар тууралуу соз кыла турган болсок, жашына карай:
  • Секелек кыз (ойноок кыз)
  • Тестиер кыз (бой токтоткон кыз)
  • Беш кокул (бойго жеткен кыз)
  • Жубан, келин (куйоого тийген)⇒⇒колукту, зайып, аял ж.б
  • Байбиче--------- болуп болунгон.
 Секелек кыздардын-көйнөктөрү кенен, капталына кыйык салынып тигилип, жеңи колун жаап, этеги кызыл ашыкка жеткен. Бирок аялдардын көйнөгүнөн жакасы менен айырмаланып турган. Кыздардыкы ийинден ийинге чейин туурасынан бычылып, "туура жакалуу" көйнөк деп аталган. Кыздардын көйнөгүнүн эки ийинине боо байланып же топчу бүчүлөнгөн.Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан.

Бой токтоткон кыз- Кыз-келиндер болжол менен 1930-жылдан баштап көйнөктүн тышынан "кемсел" деп аталган жеңи чолок кийим кие баштайт. Секелек кыздар менен селкилердики жакасы жок болуп тигилип, седеп топчулар менен жыш кооздолгон. Кемселдин көпчүлүккө тараган аталышы — чыптама. Ал эми башына тебетей  кийишкен.Кундуз, суусар тебетейди колунда барлардын кыздары кийсе, шарты жоктор кыздарына көрпөдөн тигип беришкен. Кыздардын тебетейинин тышы кызыл манат, баркыт менен тышталып, чокусуна үкүнүн канаты, айрым учурда чоң чачы тагылган.


Бойго жеткен кыз-  —алардын айырмачылыгы койноктун сыртынан чапан кийип журушкон. Бойго жеткен кызга чапанды атайын арнап баалуу кездемеден тигип берип, кийин ал кийим кыздын себине кошулган. Башына шөкүлө кийип,ал - турмушка даяр болгон кыздардын назиктигин, кыймыл-аракетиндеги ийменүүчүлүктү, уяңдыкты, токтоолукту билдирип турат.




Келин-- турмушка чыккан кыздын кийими гана эмес чачынын ѳрүлүшү, баш кийими дагы алмашкан. Секелек кезинде беш көкүл чач өрдүрүп, тебетей кийип жүргөн кыздын чачы турмушка узап жатканда эки бөлүнүп өрүлүп, ата-энесинин төрүнөн шөкүлө кийип чыгат. Шөкүлө — кыз турмушка узап жатканда кийиле турчу конус түрүндөгү баш кийим. Күйөөгө тийгенден кийин келин шөкүлөнү 5-6 күнгө чейин башынан түшүргөн эмес. Күйөөгө тийгенден кийин келин элечек кие баштайт. Аны жашаган аймагына жана уруусуна жараша кээде тѳркүнү ороп узатса, айрым учурда барган жерине ороткон. Кээ бир маалыматтарда элечекти биринчи баласы тѳрѳлгѳндѳн тарта кийген деген да божомолдор бар. Бул баш кийимди аял өмүрү өткөнчө кийген. Кышы-жайы дебей башынан түшүрбөй, үй жумуштарын жасоодо да дайыма кийип жүрүшкөн. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. .

 Азыркы кундо улуттук мурас болгон улуттук кийимдерди мурдагыдай кийбейбиз. Бирок эскиде калып калбастан улуттук кийимдерди заманга ылайыктап тиктирип, ар кандай майрамдарда, ырчылар концерттерде кийип журушот. Албетте кунумдук турмушта эч ким кийбей калды дегенден алыспыз, ошентсе да кун сайын кийип жургондор дээрлик жокко эсе.






Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...