пятница, 3 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыз улуттук оюндары

                                              
                           Кыргыз Улуттук оюндары


 Бардык башка элдер сыяктуу эле кыргыз элинде да укумдан-тукумга уланып келе жаткан улуттук оюндары бар. Улуттук оюндардын кээ бирлери унутулуп калган болсо да, азыркы учурда ордун, маанисин жоготпогон оюндар да жок эмес. Улуттун улуу мурасы катары бааланып, унутулбай улуу казынаны толтуруп турган оюндар тууралуу бугун соз кылабыз. Кыргыз эли тарыхы бай,казынасы кенен калк. Ошол казынаны жогоруда айтып откондой оюндар да толуктайт.

                                                  Чуко 
 
Улуттук оюндардын сап башында чуко оюну турат. Чуко оюну кыргыз жана башка бир катар түрк-монгол жана башка мурдагы көчмөн калктардын элдик спорт оюндарынын бири..

Кыргыз эли мал менен өсүп-өнгөн эл. Ошондуктан малдын чүкөсүн (каржиликтин башына ашташкан кичинекей сөөк) байыртадан эле пайдаланышкан.Чүкө оюндары жөнүндө элдик фольклордо, «Манас» эпосунда, жазуучулардын чыгармаларында кеңири маалыматтар бар.  Манастын ашык ойногондугу, ордо аткандыгы айтылат. Чүкөнү мурда ашык, эңке деп да аташкан.
Чүкө салган баштык - тулуп, койдун чүкөсү - койгут (кээде аркардын кичирээк сакасы да койгут делет), эликтики - элик бапый, тоо теке, аркар, кулжаныкы - сака, эчкиники чыймыт, уйдуку - томпой, доңкей деп аталат. Абалак - мүйүздөн төрт кырдуу жасалып, негизинен ордого гана колдонулат. Чүкө оӊ, сол болуп бөлүнөт. Конушуна жараша алчы, таа, бөк, чик деп айтылат.

                                          Кок бору


 Көчмөн кыргыз элинин көк бөрү оюнун ата-бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан муунга өткөрүп келет. Ар бир элде бул оюн ар кандай айтылат, мисалы, биз көк бөрү десек, казак эли — кокпар, өзбектер купкари-улок, тажиктер – бозкаши дешет.
Көк бөрү оюну улуу "Манас" эпосунда да кездешет. "Чабандес улак тартышты, мергендер жамбы атышты" десе, "Сейтек" эпосунда "Атпай турган жер бекен, жатпай оюн көк бөрү, тартпай турган жер бекен", — делет. Бул оюн улакчынын тайманбастыгын, шамдагайлыгын, эпчилдигин, карандай күчүн талап кылат. Демек, ал оюндар күчтүү жоокерлерди, өз элин, жерин коргоого даяр аскерлерди өстүрөт.
   Совет доорунда бул оюнду эскинин калдыгы деп, ойнотпой тыюу салып келишкен. Улак тартыш айрым жерлерде гана ойнолуп калган… Кийин эгемендиктен кийин башкалар сыяктуу көк бөрүгө мамлекеттик деңгээлде маани берилип, "жан кире" баштады. Азырк учурда болсо кок бору оюну майрамдарда ойнолуп, ал тургай айыл жерлеринде себепсиз эле ойнолуп, жада калса мамлекеттик денгээлде уюштурулуп, ар кандай мелдештер да уюштурулуп келе жатат.

                                     Тогуз коргоол

 Тогуз коргоол – кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну.
Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. Манкала сөзү “жылуу, кыймыл” дегенди түшүндүрөт.Тогуз коргоолдун кыргызча вариантында оюнчунун негизги максаты болуп коргоолдорду көбүрөөк чогултуу болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 чукурчасы, ал чукурлардын ичинде тогуздан ташы болот.
Башка манкала оюндарынан айырмаланып, тогуз коргоол оюну төмөндөгүдөй эрежеси менен айырмаланат: эреже боюнча баардык алынган коргоолдордун ичинен бирөө сөзсүз ошол чукурдун ичинде калат. Бул көчмөн түрк элдеринин социалдык жашоосундагы ата-бабанын жайын сактоо салтын кандайдыр бир деңгээлде чагылдырып турат.

                                           Кыз куумай 

Кыз куумай оюну кургуздын эн байыркы оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.


                                   Ак терек- кок терек

  Ак терек, көк терек кыргыз элини эң манилуу жана кызыктуу оюндарынын бири.Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт ун менен:
Ак терек, көк терек,бизден сизге ким керек, – дейт.
Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала чуркап келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет.Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бироосун өз тарабына кошуп алат.
Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.




  Мындан сырткары ар кандай интеллектуалдык оюндар, ат оюндары абдан абдан коп. Алар:
  • Ат секиртмей
  • Багалак
  • Орто топ
  • Урмай уруу
  • Соок сындырмай
  • Келин жарыш
  • Оодарыш
  • Ат чабыш
  • Ак чолмок
  • Аркан тартыш ж.б    
Азыркы учурда кобунесе уул кыздарыбыз, негизи эле жаштар улуттук оюндарга анча маани бере беришпейт. Азыркы муундун оюну ар кандай интернет оюндары. Алардын ден соолукка тийгизген зыян таасирлери тууралуу ойлонуу дээрлик жок. Мисалы: пабджи. Бул оюнду беш жаштагы бала дагы ойноп жатат. Эми ойлонсок, биздин улуттук оюндар интернет оюндары менен алмашылып калабы? Келечек муундун ден- соолугу, олконун келечеги кооптуу абалда тургандай.  













Канчалык денгээлде балдарыбыздын келечеги учун кам коруп жатабыз. (Келечекке кам коруу бир гана баланыздын муктаждыктарын камсыздоо эмес экендигин эске алганда)

 Дени сак балдар- Онуккон олконун кепилдиги!



Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...