четверг, 12 марта 2020 г.


1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ
1.1    БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ

       БАСМА СӨЗ –мезгилдүү (гезит, журнал,жумалык ж.б) жана мезгилсиз (китеп, альбом, жылнаама ж.б) басып чыгарылган басмакана продукциясы. Ар түрдүү маалымат,жаңылык, билдирүүлөрдү таркатуу менен коомдук көз караш, ой –пикирлерди калыптандыруу, саясий жана илим-билимдерди даңазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу менен,дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп,өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ болгон.Чыгармачылык – өндүрүштүк иштерди уюштурууда да басма сөздүн негизи түрлөрүнүн бири гезит болуп эсептелет.( https://ky.wikipedia.org › wiki › Басма_сөз)
      Адамдар ортосундагы маалымат алмашуу кадим замандан эл башталып, коомдук мамилелердин кеңейүүсүнө жана өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Ар коом ар кандай жолдор менен бирине-бирине маалымат берип турушкан. Өз ара маалымат алмашууда гана эмес, коомдук маанидеги маалыматты жайылтуу жана аны сактоо үчүн да басма сөз зарыл эле. Ушул муктаждыктан улам, адамдар атайын тоңдурма майлар сүртүлгөн тактайларга жаза башташты. Анткени андагы жазууларды өчүрүп кайра жазууга мүмкүн эле.Андан ары гипс тактайлары чыгарыла баштаган. Мисалы, Байыркы Римде Юлий Цезардын буйругу менен көрүнүктүү жерлерге сенаттын чечимдери жана эл чогулушунун токтомдору чегилген гипс тактайлары б.з.ч 4-кылымга чейин илинип келген. Японияда чыккан,1635-жылга таандык “Йомиури Каварабата” деп атлган ылай гезити ушул күнгө чейин сакталып турат. ( “Мени тандаган кесип”, М.Арстанбек. 2017. 10-11-бет)
         Алгачкы басма китептерди ксилографиялык китептер деп аташкан (грекче кисло – жыгач, графо – жазма). Мындай китептер  жыгач тактайлардын бетине оюлуп жасалып келген. Бирок бул китептерди окууга көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Дүйнөдөгү эң байыркы басма китеп катары 704-751-жылдардын ортосунда  Кореяда 12 тактайдан басылган китеп эсептелинип келет. Тактайларга китеп басуу бир топ эле кыйынга турган. Анын үстүнө Кытай иероглифтери бир топ татаал болчу. Мына ошондуктан адамдар атайын тамгалардын калыптарын жасоого аракеттенишкен.  Ал эми китеп басуунун жаңы ыкмасын ойлоп табуу б.а өз алдынча литерлерден турган тамгаларды терүү аркылуу китеп жасоо немис басып чыгаруучусу Иоганн Гутенбергге таандык. Ал май сыгуучу кадимки прессти басмакана станогуна айландырып, китеп басууга ылайыкташтырган. Ошентип Гутенбергдин басма машинесинин натыйжасында сөздүн кагазга механикалык жол менен басылып, сакталуусуна шарт түзүлүп, 15 - кылымдын аягында эле Европанын  бир канча шаарларында китеп басыла баштаган.(http://tyup.net/page/kitep-basuu).
    Гутенбергдин басма станогуна чейин Европада 30 миң китеп болгон болсо, 1500-жылы 9 миллионго жеткен. Анын артында китеп окууга чиркөө элиталарынан сырткары жалпы эл мүмкүнчүлүк ала баштаган. Ал эми басма сөздүн өзү биринчи маалымат каражатына айланган.
   15-кылымдын аяк ченинде эле Европанын ондогон шаарларында китеп басыла баштаган. Гутенбергдин шакирттери да китеп басуунун Европага андан ары башка чөлкөмдөргө жайылуусуна чоң салым кошушкан. Эң алгач китеп басуу 1460-1461- жылдары Страсбург шаарында Иоганн Ментелинин “Библияны” басып чыгаруусу менен башталган. Андан кийин Италияда 1465-жылы немис басып чыгаруучулары Конрад Свейнгейм жана Арнольд Паннарцтын аракеттери менен ачылып иштей баштаган. Алар 1472-жылга чейин 36 китеп басып чыгарышкан. Андан ары китеп басмаканалары Венецияда, Миланда, Неопалда, Флоренцияда ачылып, басма иштерин улантышкан.
 Социалдык – экономикалык прогресс, капиталисттик мамилелердин пайда болуусу, колониялык саясаттын жана эл аралык соода сатыктын өнүгүүсү менен толук кандуу маалыматтарды камтыган алгачкы гезиттер чыга баштады. Германиянын Страсбург шаарында эң алгач 1609-жылы “Reletion: Aller Furnenmen” деген гезит басылып чыккан. Мына ошондон тарта 1609- жыл мезгилдүү гезит басылмасынын туулган жылы катары эсептелип келет. Ушул эле жылы Аусбург шаарында “Avisa Relation oder Zeitung” деген жумалык гезит ачылып, аны Лука Шульте деген басып чыгара баштаган. 1630-жылы Европанын 30 дан ашык шаарында жумалык гезиттер чыгып турду. 1609-1700-жылдары Германияда эле 200дөн ашык гезит чыгып турган. 1611-жылы Франциянын биринчи гезити “Франция меркурийи” деген аталыш менен чыккан.
       Биринчи басылма гезиттердин так аталыштары болгон эмес.Басылманын чыккан жери, редактордун аты-жөнү, кайсы басылмадан чыккандыгы тууралуу да маалымат берилген эмес. Жаңылыктардын жайгашуусу маалыматтын маанилүүлүгүнө карап эмес,келип түшкөн убактысына жараша эле жайгаштырылган. Рубрикалар болгон эмес, сенсациялуу макалалар да башка кабарлар менен аралашып жарыялана берген. (“Дуйнолук журналистиканын тарыхы” 2018. 1-БАП)
    
          
    

четверг, 9 января 2020 г.


              Кыргызстандагы Кызыл кундор (майрамдар)

 Ар бир олконун озунун майрамдары болот. Ал майрамдар олконун карманган динине, салттарына, ишенимдерине жараша белгиленет. Кээ бир майрамдар улуттун символдук майрамдары катары майрамдалат. М: Эгемендуулук куну деген сыяктуу.



  Кыргызстан календарында бир жылда он эки расмий майрам белгиленген. Мындан тышкары, кызыл датага кирбеген майрамдар да көп.

1.Жаны-Жыл майрамы.
  Буткул олкого белгилуу болгон бул майрам кыргызстанда 31-декабрьдын 1-январына караган туну белгиленет.
Ушул эле майрам:  Кытай жана Вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.

2.23-февраль Ата -Мекенди коргоо куну

Биздин олкодо 23-февраль Ата Мекенди коргоо куну болуп эсептелет. 2003-жылдан тарта бул күн каленьдарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш осүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Бул күнү айымдар мырзаларын куттуктап, ар кандай белек тартуулашат.Ушул эле майрамды Россия, Белоруссия, Тажикстан мамлекети да майрамдашат. Ал эми Бруней олкосундо бул кун Эгемендуулук куну катары майрамдалат.

3. 8-март. Эл аралык айымдар куну
 8-март европалык өлкөлөрдүн ичинде СССРде гана далайга чейин мамлекеттик майрам болуп келди. 1977-жылы гана БУУнун атайын резолюциясы менен 8-март – Аялдардын эл аралык күнү катары расмий кабыл алынган. Ошондон тарта Кытай, Түндүк Корея, Ангола, Конго, Моңголия, Лаос, Македония жана башка өлкөлөрдө бул күн майрам катары жарыяланган.

4. 21-март Нооруз майрамы
 Кытайдан Балканга чейинки аймакта диний ишеними жана маданияты ар башка болгон элдер бул күндү белгилейт.Бизде бул куну нооруздун символу болгон Сумолок даярдалат. Ар кандай оюн зоок фестивалдары жер жерлерде уюштурулуп, мамлекеттик денгээлде отот.

Map of Nooruz

 5. 7-апрель  Элдик ревалюция куну

7-апрел Апрель ынкылабынан кийин майрам катары тизмеге кирди. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митиннге чыгышкан.Анда элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши набыт болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган.Бул куну кыргызстандыктар эс алышат.
 Дуйнодо бул кун Буткул дуйнолук ден соолук куну катары белгиленсе, Арменияда Эне жана сулуулук куну.

6. 1-май. Эмгекчилер куну

Аты айтып тургандай бул эмгекчилердин майрамы, мекендештерибиз бул куну эс алышат. Кыргызстанда биринчи жолу ал 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Эмгекчилердин эларалык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германии, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген.

7. 9-май. Жениш майрамы

9 май Жеңиш майрамы - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттикГерманиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. Ал эми Эвропа олколорундо болсо бул кун Эвропа Куну болуп саналат. 

 Мындан сырткары
  • 1-июнь Балдарды коргоо куну
  • 5-май Кыргыз Республикацынын конституция куну
  • 31- августь Эгемендуулук куну
  • 1-сентябрь Билим куну
  • 23- сентябрь Эне тил куну
  • 5- октябрь мугалимдер куну 
 
Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулмандардын майрамы жана 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) да майрам күндөрү болуп саналат.

Бул кундору кыргыз эли расмий турдо эс алышат. 










.










 .



среда, 8 января 2020 г.

Кыргыз аскер кызматы


                      Кыргыз аскер кызматы
 

 Кыргыз Республикасынын калкы 6 млн 300мин. Анын ичинде 2 миллион 615 миңи жумушка жөндөмдүү экени айтылат. Аскердик кызматка жарамдуу жарандары 3 миллион 377 миңди түзөт. Кыргыз армиясы 136 мамлекеттин ичинен 91-орунда турат.
 
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 150 танк, 438 ок брондолгон унаа жана атайын техникалар, 30 өзү башкарылуучу артиллериялык шайман, 159 артиллериялык курал, 21 көп тармактуу ракеталык систем бар.Мындан тышкары 4 даана транспорттук МИ-8 тик учагы, 2 даана сокку уруучу МИ-24 тик учагы бар.
Кыргыз мамлекетинде аскер кызматкерлеринин учурдагы саны 17000, 10 мин резервде.  Ал эми өлкөнүн аскердик бюджети 240 миллион долларды тузот.



Кыргыз Республикасында жарандардын аскерге жарактуу мооноту 17 жаштан 45 жашка чейин. !6 жашка толгон балдарга эн алгач аларды тааныштыруу жургузулот, андан кийин качан гана ал 18 жашка толгондо милдеттуу аскер кызматына чакырылат. Аскер кызматын отоо бир жылды тузот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары 50 миң сом төлөсө, резервдик мобилизацияга 30 күнгө чакыртылып, 1-категориядагы запаска киргизилет жана аскердик кызматтарда иштөө мүмкүндүгүн алат. Ал эми аскердик кызматка барбай турган жарандар 25 миң сом төлөп альтернативалык аскердик кызматты өтөөгө болот. “Ден соолугу боюнча аскердик кызматка жараксыз деген чечими бар жарандар эч кандай акча төлөбөй, аскердик кызмат өтөөдөн бошотулат”.
 Альтернативалык аскердик кызматты отогондорго копчулук жарандар каршы. Анткени копчулук мекендештерибиз армияга баруу, мекенге кызмат кылуу эр жигиттин милдети жана намысы деп эсептешет. Чиновниктердин балдарынан аскердик кызмат отоого барбагандары копчулуктун нааразычылыгын жаратат. Азыркы учурда армияга жалан гана колунда жоктордун балдары гана барып жатат деген создор дагы бар.



 Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат.



 Аскер кызматынын мооноттору 
1. Аскер кызматынын мөөнөттөрү календардык эсептөөдө төмөнкүдөй белгиленет:
мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн - он эки ай;
чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицерлер үчүн - жыйырма төрт ай;

аскер кызматын контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн - Аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жоболордо көрсөтүлгөн мөөнөттөр.
2. Дисциплинардык бөлүктөрдө жазасын өтөп жаткан жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга жазасын өтөгөн мезгили мөөнөттүү аскер кызматынын мөөнөтүнө кошулуп эсептелбейт.
Аскерге чакыруу ж.б жонундо толугураак ↧↧↧

Кыздардын аскерге баруусу милдеттуу эмес. Бирок кызмат отойм деген кыздарга тыюулар жок. Кыздар үчүн армияда фельдшердик, медик, финансы кызматтар бар, кээ бир кыздар спецназ катарына келип, автомат көтөрүп, парашюттан секирип, жигиттер менен тең катар машыгып да жүрүшөт. 
Акыркы жылдарда армияга баргандардын саны азайып бараткандыктан мекенчил кыздардын да "Эгер эркектер барбаса биз барабыз" дегендерин угуп журобуз.
 Ошондой болсо да кыргыз жигиттери атта мыкты ойногон, ото намыской келишет. Андыктан кыздардын мырзалардын ордунда болуусу кыйындай.😍😍😍😍

Биздин олкодо кызмат отоо оной. Мисалы Тундук Корея олкосундо эч кандай альтернативалык отоо жок. Милдеттуу турдо кызмат кылуу шарт. 
 Аялдар 7 жыл, эркектер 10 жыл.Эгерде жогорку билимдуу болсо 3 жыл, бакалаврды аяктасаныз 5 жыл. Аскер формаларына жана тамак ашына каражат болунбойт. Кийимдер эски жана берилген тамак аш нормадан томон. 180 мин аял аскер, жалпысынан 7.7млн аскер бар. Ар бир аскердик болукто госпитал жайгашканы менен медициналык спирттен башка бардык даарылар акчага сатылат. 

  Ата-Мекен ар бир жаран учун ыйык жана милдет. Андыктан мекенибизди коргоодон качпай ар бирибиз салым кошолу. Армияга барбай жургондорду кызмат отоосуну каалар элек.😉😉😉😉😉

вторник, 7 января 2020 г.

Кытай жана Кыргызстан


                   Кытай жана Кыргызстан.

Сонку жылдарда олкобуздон жумуш издеп чет жакка чыккандардын саны осуудо. Москва, Германия, Корея, Кытай ж.б дээрлик дуйнонун бардык бурчунан оз мекендештерибизди жолуктурууга болот.  Москвада 300минге жакын, Кореяда 8000, Ал жми Кытай Эл республикасында болсо 170 мин кыргыз жараны жашайт. Миграциянын башкы себеби олкодогу жумушсуздук болуп саналат. Арабызда оз олкобуздо иштесек да болот дегенди бекем кармагандар да бар. Бирок, жашоо, турмуш оз жолун улайт, баары сен каалагандай боло бербейт дегендей.



Мейли турист катары баралы, бирок жумуш издеп Кытайга барбай эле койгонубуз жакшыдай. Анткени дээрлик 1.5 млрд калкы бар бул олкодо арзан маянага иштоого макул адамдар аябай коп. Онуккон олколордун катарында болсо да 100 млнго жакын киши абдан кедей жашайт. А биздин олко онугуп келе жаткан олко болгону менен калкыбыз ото бай. Кедей жашаган мекендештерибиз аз. Кытайда 30 млндой киши жер астындагы уйлордо жашашат. Аны себеби жогоруда айткандай эле калк кедей, мамлекет салган коп кабаттуу уйлор ташталып кеткен. Ал уйлор шаардан бир топ узак жана баасы да ото кымбат.




понедельник, 6 января 2020 г.

Германия жана Кыргыстан



    Кыргызстан              §               Германия


 Ал жактын адамдарынын баары бири бирине жылуу мамиле жасашат. Улуулар да омурлук жары менен кол кармаша журушот. Тааныш болобу, чоочун болобу дайыма ысык мамиле жасашат деген создорду достордон коп эле угуп журсонуз керек. Соз кайсыл мамлекет жонундо болуп жатканын сездик окшойт. Ооба, бул ошол сиз коп уккан Германия жонундо.

 Сонку мезгилдерден Кыргызстандан да Германияга жумуш издеп кеткендердин саны кобойду. Статистика боюнча бул олкодо азыркы учурда 1.5 минден ашуун мекендештерибиз эмгектенет, ал эми мекенибизде 9 минге жакын немец улутундагы жарандар бар Эми Германия менен Кыргызстандын ортосундагы айырмачылыктар жана окшоштуктар жонундо соз кылалы.




1. Германиянын калкы 80 млн. Бул олконун калкы жыл санап кобойгондун ордуна кайра азайып келе жатат. Эгер ушундай темпте кетсе 10 жылдын ичинде 65 млнго да тушуусу мумкун. Калктын азайуусунун негизги себеби аялдар орто эсеп менен 29 жашында балалуу болушат, эркектердин 35 жашында уйлонуусу бул олкодо нормалдуу  корунуш. 
1.1 Кыргыз калкынын саны сонку маалыматтар боюнча 6.5 млнго жетти. 2014-жылы 5 млн 777мин киши болуп катталган. Акыркы 6 жыл ичинде калктын саны 7жуз минге жакын кобойгон.  Уй було кутуудо болсо айымдарда орточо жаш 21-24 жаш. Эркектердин болсо 25-28 жаш. Ушундай эле Кытайда кыз 27 жашка чыкканга чейин, Кореяда 30.


2.Германиянын эли тазалыкты ото суйгон калк. Кочодогу таштандыларды дээрлик корбойсун.Алар жада калса сейилдетип жургон итинин артынан да тазалап кетишет. Андан сырткары аларда ичкен суундун ботолкосунукайра алып келип сатууга болот. Ал учун атайы жабдыктар орнотулган. Демек, кочодон ботолко чогултуу бул чакан бизнес десек да болчудай.
2.2 Кыргыз эли да тазалыкты суйот. Бирок азырынча тазалыкка анча маани бербегендейбиз. Анткени менен биз жашыл шаар учун жана шаар тазалыгы олконун корку деген сыяктуу флешмобтор коп уюштурулат. Онуккон олколорго караганда бир топ эле кир олкобуз. Жашырганда эмне жон гана копчулугубуз щаар тазалыгы учун салым кошбой келебиз. Негизи биздин олко жашыл, тоолуу олко болгондуктан аны таза кармоо коркуно корк кошот. Тазалык ишканалары иштегени менен жарандардын озу тазалыкты сактабаса, королгон эмгек натыйжасын бербейт.

3.Немец эли тактыкты жакшы коргон калк жана эч качан кечикпегендиги менен таанымал.Ошондой эле алар чынчыл, ар бир эмгектин акысы толонуусу керек деп эсептешет. Бироонун акысын жегендик, уурулук сыяктуу окуялар жергиликтуу калк тарабынан жасалбайт.
3.3 Биздин олко алардын тескериси, баардык коноктор саат 5 ке чакырылган болсо да, ал той саат 7 гана башталат деген тамашалуу соз бар эмеспи. Ошол сыяктуу кечигууну салтка айланткан олко биз болсок керек😊😊😊😊😊😊.


4.Немецтерде жумушсуздардын саны ото аз, болсо да алар тез аранын ичинде жумушка орношуусу кажет. Анткени ар 2 айда мамлекет текшерип турат. Эгерде эч жерге жумушка кабыл алынбаган болсо мамлекет озу жумуш таап берет. Бул албетте олконун ото бай экендигинин далили.Бул олкодо Жогорку окуу жайлары да бекер болуп саналат.
4.4 Биздин олко албетте Германия сыяктуу мамлекети бай эмес. Ошого жараша жумушсуздардын саны дагы бир топ.Кыргызстандагы жумушсуздардын саны 102 мин. Алардын 49 %ын аялдар тузот.


                            Суроттор интернеттен алынды.



 

воскресенье, 5 января 2020 г.

Улуу Мурас Кооз жерлер


                   Коз талдырган керемет жерлер




Кыргызстандын кооз жерлери ,турисстер коп каттаган мекен дегенде эле кыргызстандыктардын гана эмес, башка элдердин да оюна Ысык кол келет болуусу керек. Албетте, Ысык колду корбогон арманда, коргон кайра кайрылууну энсээри шексиз. Бирок, дайыма соз болгон, копчулук билген жерлерден сырткары коз жоосун алган, коруубуз керек болгон эн сонун керемет жерлер абдан коп. 



суббота, 4 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыз улуттук кийимдери

                    

                                                                                                                      
Кыргыз улуттук кийимдери (айымдардын)
  Кыргыздын улуттук кийими тарыхый узак мезгилдер бою көчмөн элибиздин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан, турмуш-шартына калыптаган. Орто Азия жана башка элдер менен карым-катнаш таасир кылса да, кыргыз кийими туруктуу улуттук өзгөчөлүккө ээ болгон. Кыргыз кийими байыркы кийимдердин үлгүсүндө бычылып, атка минүүгө жана жерге отурууга ылайык узун жана кенен тигилген. Кыргыз айымдары башка улуттардан айырмаланып жаш курагына жараша кийимдери да озгочолонуп тигилген.
 Жаш курагына жараша кандай кийимдерди кийишкендиги тууралуу тарых барактарынан окуп жургон болсок да, копчулугубуз эле аны толук биле бербесек керек. Кыргыздын улуттук маданияты этномаданият катары гана тарыхтан окулуп калабы деген ойлор да келбей койбойт.
 Айымдар тууралуу соз кыла турган болсок, жашына карай:
  • Секелек кыз (ойноок кыз)
  • Тестиер кыз (бой токтоткон кыз)
  • Беш кокул (бойго жеткен кыз)
  • Жубан, келин (куйоого тийген)⇒⇒колукту, зайып, аял ж.б
  • Байбиче--------- болуп болунгон.
 Секелек кыздардын-көйнөктөрү кенен, капталына кыйык салынып тигилип, жеңи колун жаап, этеги кызыл ашыкка жеткен. Бирок аялдардын көйнөгүнөн жакасы менен айырмаланып турган. Кыздардыкы ийинден ийинге чейин туурасынан бычылып, "туура жакалуу" көйнөк деп аталган. Кыздардын көйнөгүнүн эки ийинине боо байланып же топчу бүчүлөнгөн.Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан.

Бой токтоткон кыз- Кыз-келиндер болжол менен 1930-жылдан баштап көйнөктүн тышынан "кемсел" деп аталган жеңи чолок кийим кие баштайт. Секелек кыздар менен селкилердики жакасы жок болуп тигилип, седеп топчулар менен жыш кооздолгон. Кемселдин көпчүлүккө тараган аталышы — чыптама. Ал эми башына тебетей  кийишкен.Кундуз, суусар тебетейди колунда барлардын кыздары кийсе, шарты жоктор кыздарына көрпөдөн тигип беришкен. Кыздардын тебетейинин тышы кызыл манат, баркыт менен тышталып, чокусуна үкүнүн канаты, айрым учурда чоң чачы тагылган.


Бойго жеткен кыз-  —алардын айырмачылыгы койноктун сыртынан чапан кийип журушкон. Бойго жеткен кызга чапанды атайын арнап баалуу кездемеден тигип берип, кийин ал кийим кыздын себине кошулган. Башына шөкүлө кийип,ал - турмушка даяр болгон кыздардын назиктигин, кыймыл-аракетиндеги ийменүүчүлүктү, уяңдыкты, токтоолукту билдирип турат.




Келин-- турмушка чыккан кыздын кийими гана эмес чачынын ѳрүлүшү, баш кийими дагы алмашкан. Секелек кезинде беш көкүл чач өрдүрүп, тебетей кийип жүргөн кыздын чачы турмушка узап жатканда эки бөлүнүп өрүлүп, ата-энесинин төрүнөн шөкүлө кийип чыгат. Шөкүлө — кыз турмушка узап жатканда кийиле турчу конус түрүндөгү баш кийим. Күйөөгө тийгенден кийин келин шөкүлөнү 5-6 күнгө чейин башынан түшүргөн эмес. Күйөөгө тийгенден кийин келин элечек кие баштайт. Аны жашаган аймагына жана уруусуна жараша кээде тѳркүнү ороп узатса, айрым учурда барган жерине ороткон. Кээ бир маалыматтарда элечекти биринчи баласы тѳрѳлгѳндѳн тарта кийген деген да божомолдор бар. Бул баш кийимди аял өмүрү өткөнчө кийген. Кышы-жайы дебей башынан түшүрбөй, үй жумуштарын жасоодо да дайыма кийип жүрүшкөн. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. .

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...