воскресенье, 5 января 2020 г.

Улуу Мурас Кооз жерлер


                   Коз талдырган керемет жерлер




Кыргызстандын кооз жерлери ,турисстер коп каттаган мекен дегенде эле кыргызстандыктардын гана эмес, башка элдердин да оюна Ысык кол келет болуусу керек. Албетте, Ысык колду корбогон арманда, коргон кайра кайрылууну энсээри шексиз. Бирок, дайыма соз болгон, копчулук билген жерлерден сырткары коз жоосун алган, коруубуз керек болгон эн сонун керемет жерлер абдан коп. 




  
 1.Мерцбахер көлүЫсык кол областынын Ак Суу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан. Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2, тереңдиги 60-70 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте жатат. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары (айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагы муз менен капталып ылдый жагы суу болуп агып турат.Колдун озгочолугу жылына 1 же 2 жолу  суу толук агып кайра толуп турат. (жоголуп кайра пайда болуп турат). Суу агып чыгып кеткен сон анда айсбергдер гана калат. Колду 1903-жылы немец саякатчысы Г.Мерцбахер ачкандыгы учун Мерцбахер аталып калган. Бул кол соолуп бараткан колдордун катарын толуктап келет.




 2. Жомок капчыгайы- Ысык колдун туштук жээгинде, Тосор айылынан алыс эмес жерде жайгашкан. Ал адам колунан жаралбаган укмуштуудай кооз жомок шаарыны коросуз. Узундугу 5 км болгон Кытай дубалы деп аталган  кызыл топурактан турган каньонду корууго болот. Андан сырткары кызыл кумдан тургузулган уктап калган хан сарайларды, укмуштуудай жаныбарларды жолуктурасыз. Уй-булолук эс алууга абдан ынгайлуу жана эстен кеткис кооз корунуштор менен сизди тан калтырат.





3. Сары Тоо. Баткен
 Баткен облусундагы Шадымир өзөнүндөгү Самаркандек кыштагынан батышка карай 18 чакырым аралыкта кубулуп турган тоолор бар. Алар жергиликтүү калк арасында Үлүл кабыктуу тоо катары таанымал. Качандыр бир мезгилде бул жер Сармат деңизинин түбү болгон экен, ошондон улам аталышы Сары-Тоо болуп калган. Азыр ал жерден суу таба албайсыз, бирок, таш болуп катып калган нерселерди, 485 миллион жыл мурун өскөн моллюска-гетеродонттордун үлүл-кабыктарын көрө аласыз. Анан да бул жерде ар кыл форма, ар кандай түс жана өлчөмдөгү гүлдөр өсөт, мындай көп түрдүүлүктү башка жерден жолуктура электигиңизге ишенип коюңуз. Адатта алардын жалбырактарынын алдында кубулмалуу кичине кескелдириктер жашырынат. Сары-Тоого эң жок дегенде табияттын ушул кереметтерине суктанып, ары сырдуу, ары ажайып кооз жерлерди сүрөткө тартып алууга деле арзыйт.








4. Кол Суу
 Кол суу-  Нарын облусунда жайгашкан. Альпинизмге ото ынгайлуу жана кыргызстандагы эн аз изилденген жерлердин катарында. Кытай чегарасына жакын болгон аймакта жайгашкандыктан, ага жетуу учун дарыяны жана саздак жерди басып отуу абзел, ошондуктан эн мыкты унаа керектелет. Бул кол Кыргызстандагы эн кооз жер деп да айтылып журот. Туристтер да аны айтып келишет. Колго жетуу бир кыйла татаал болгондуктан жана узак болгондуктан кыргызстандыктар бара бербесе керек. Бирок коркому коз талдырган керемет жер экендигине оз козунуз менен коргондо гана ынанасыз.





Эс алуу учун созсуз турдо коп акча сарптап чет олкого чыгуунун кажети жок экенин копчулугубуз биле бербесек керек. Же эс алууну жалан жат жактардан откорууну идеал коробузбу айтор ар кандай. Келгиле эс алууну эн биринчи оз мекенибизден баштайлы. Олкобуздо деле эн мыкты делген эс алууну уюштурууга болот. Кошуласызбы

Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...