четверг, 12 марта 2020 г.


1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ
1.1    БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ

       БАСМА СӨЗ –мезгилдүү (гезит, журнал,жумалык ж.б) жана мезгилсиз (китеп, альбом, жылнаама ж.б) басып чыгарылган басмакана продукциясы. Ар түрдүү маалымат,жаңылык, билдирүүлөрдү таркатуу менен коомдук көз караш, ой –пикирлерди калыптандыруу, саясий жана илим-билимдерди даңазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу менен,дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп,өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ болгон.Чыгармачылык – өндүрүштүк иштерди уюштурууда да басма сөздүн негизи түрлөрүнүн бири гезит болуп эсептелет.( https://ky.wikipedia.org › wiki › Басма_сөз)
      Адамдар ортосундагы маалымат алмашуу кадим замандан эл башталып, коомдук мамилелердин кеңейүүсүнө жана өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Ар коом ар кандай жолдор менен бирине-бирине маалымат берип турушкан. Өз ара маалымат алмашууда гана эмес, коомдук маанидеги маалыматты жайылтуу жана аны сактоо үчүн да басма сөз зарыл эле. Ушул муктаждыктан улам, адамдар атайын тоңдурма майлар сүртүлгөн тактайларга жаза башташты. Анткени андагы жазууларды өчүрүп кайра жазууга мүмкүн эле.Андан ары гипс тактайлары чыгарыла баштаган. Мисалы, Байыркы Римде Юлий Цезардын буйругу менен көрүнүктүү жерлерге сенаттын чечимдери жана эл чогулушунун токтомдору чегилген гипс тактайлары б.з.ч 4-кылымга чейин илинип келген. Японияда чыккан,1635-жылга таандык “Йомиури Каварабата” деп атлган ылай гезити ушул күнгө чейин сакталып турат. ( “Мени тандаган кесип”, М.Арстанбек. 2017. 10-11-бет)
         Алгачкы басма китептерди ксилографиялык китептер деп аташкан (грекче кисло – жыгач, графо – жазма). Мындай китептер  жыгач тактайлардын бетине оюлуп жасалып келген. Бирок бул китептерди окууга көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Дүйнөдөгү эң байыркы басма китеп катары 704-751-жылдардын ортосунда  Кореяда 12 тактайдан басылган китеп эсептелинип келет. Тактайларга китеп басуу бир топ эле кыйынга турган. Анын үстүнө Кытай иероглифтери бир топ татаал болчу. Мына ошондуктан адамдар атайын тамгалардын калыптарын жасоого аракеттенишкен.  Ал эми китеп басуунун жаңы ыкмасын ойлоп табуу б.а өз алдынча литерлерден турган тамгаларды терүү аркылуу китеп жасоо немис басып чыгаруучусу Иоганн Гутенбергге таандык. Ал май сыгуучу кадимки прессти басмакана станогуна айландырып, китеп басууга ылайыкташтырган. Ошентип Гутенбергдин басма машинесинин натыйжасында сөздүн кагазга механикалык жол менен басылып, сакталуусуна шарт түзүлүп, 15 - кылымдын аягында эле Европанын  бир канча шаарларында китеп басыла баштаган.(http://tyup.net/page/kitep-basuu).
    Гутенбергдин басма станогуна чейин Европада 30 миң китеп болгон болсо, 1500-жылы 9 миллионго жеткен. Анын артында китеп окууга чиркөө элиталарынан сырткары жалпы эл мүмкүнчүлүк ала баштаган. Ал эми басма сөздүн өзү биринчи маалымат каражатына айланган.
   15-кылымдын аяк ченинде эле Европанын ондогон шаарларында китеп басыла баштаган. Гутенбергдин шакирттери да китеп басуунун Европага андан ары башка чөлкөмдөргө жайылуусуна чоң салым кошушкан. Эң алгач китеп басуу 1460-1461- жылдары Страсбург шаарында Иоганн Ментелинин “Библияны” басып чыгаруусу менен башталган. Андан кийин Италияда 1465-жылы немис басып чыгаруучулары Конрад Свейнгейм жана Арнольд Паннарцтын аракеттери менен ачылып иштей баштаган. Алар 1472-жылга чейин 36 китеп басып чыгарышкан. Андан ары китеп басмаканалары Венецияда, Миланда, Неопалда, Флоренцияда ачылып, басма иштерин улантышкан.
 Социалдык – экономикалык прогресс, капиталисттик мамилелердин пайда болуусу, колониялык саясаттын жана эл аралык соода сатыктын өнүгүүсү менен толук кандуу маалыматтарды камтыган алгачкы гезиттер чыга баштады. Германиянын Страсбург шаарында эң алгач 1609-жылы “Reletion: Aller Furnenmen” деген гезит басылып чыккан. Мына ошондон тарта 1609- жыл мезгилдүү гезит басылмасынын туулган жылы катары эсептелип келет. Ушул эле жылы Аусбург шаарында “Avisa Relation oder Zeitung” деген жумалык гезит ачылып, аны Лука Шульте деген басып чыгара баштаган. 1630-жылы Европанын 30 дан ашык шаарында жумалык гезиттер чыгып турду. 1609-1700-жылдары Германияда эле 200дөн ашык гезит чыгып турган. 1611-жылы Франциянын биринчи гезити “Франция меркурийи” деген аталыш менен чыккан.
       Биринчи басылма гезиттердин так аталыштары болгон эмес.Басылманын чыккан жери, редактордун аты-жөнү, кайсы басылмадан чыккандыгы тууралуу да маалымат берилген эмес. Жаңылыктардын жайгашуусу маалыматтын маанилүүлүгүнө карап эмес,келип түшкөн убактысына жараша эле жайгаштырылган. Рубрикалар болгон эмес, сенсациялуу макалалар да башка кабарлар менен аралашып жарыялана берген. (“Дуйнолук журналистиканын тарыхы” 2018. 1-БАП)
    
          
    

четверг, 9 января 2020 г.


              Кыргызстандагы Кызыл кундор (майрамдар)

 Ар бир олконун озунун майрамдары болот. Ал майрамдар олконун карманган динине, салттарына, ишенимдерине жараша белгиленет. Кээ бир майрамдар улуттун символдук майрамдары катары майрамдалат. М: Эгемендуулук куну деген сыяктуу.



  Кыргызстан календарында бир жылда он эки расмий майрам белгиленген. Мындан тышкары, кызыл датага кирбеген майрамдар да көп.

1.Жаны-Жыл майрамы.
  Буткул олкого белгилуу болгон бул майрам кыргызстанда 31-декабрьдын 1-январына караган туну белгиленет.
Ушул эле майрам:  Кытай жана Вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.

2.23-февраль Ата -Мекенди коргоо куну

Биздин олкодо 23-февраль Ата Мекенди коргоо куну болуп эсептелет. 2003-жылдан тарта бул күн каленьдарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш осүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Бул күнү айымдар мырзаларын куттуктап, ар кандай белек тартуулашат.Ушул эле майрамды Россия, Белоруссия, Тажикстан мамлекети да майрамдашат. Ал эми Бруней олкосундо бул кун Эгемендуулук куну катары майрамдалат.

3. 8-март. Эл аралык айымдар куну
 8-март европалык өлкөлөрдүн ичинде СССРде гана далайга чейин мамлекеттик майрам болуп келди. 1977-жылы гана БУУнун атайын резолюциясы менен 8-март – Аялдардын эл аралык күнү катары расмий кабыл алынган. Ошондон тарта Кытай, Түндүк Корея, Ангола, Конго, Моңголия, Лаос, Македония жана башка өлкөлөрдө бул күн майрам катары жарыяланган.

4. 21-март Нооруз майрамы
 Кытайдан Балканга чейинки аймакта диний ишеними жана маданияты ар башка болгон элдер бул күндү белгилейт.Бизде бул куну нооруздун символу болгон Сумолок даярдалат. Ар кандай оюн зоок фестивалдары жер жерлерде уюштурулуп, мамлекеттик денгээлде отот.

Map of Nooruz

 5. 7-апрель  Элдик ревалюция куну

7-апрел Апрель ынкылабынан кийин майрам катары тизмеге кирди. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митиннге чыгышкан.Анда элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши набыт болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган.Бул куну кыргызстандыктар эс алышат.
 Дуйнодо бул кун Буткул дуйнолук ден соолук куну катары белгиленсе, Арменияда Эне жана сулуулук куну.

6. 1-май. Эмгекчилер куну

Аты айтып тургандай бул эмгекчилердин майрамы, мекендештерибиз бул куну эс алышат. Кыргызстанда биринчи жолу ал 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Эмгекчилердин эларалык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германии, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген.

7. 9-май. Жениш майрамы

9 май Жеңиш майрамы - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттикГерманиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. Ал эми Эвропа олколорундо болсо бул кун Эвропа Куну болуп саналат. 

 Мындан сырткары
  • 1-июнь Балдарды коргоо куну
  • 5-май Кыргыз Республикацынын конституция куну
  • 31- августь Эгемендуулук куну
  • 1-сентябрь Билим куну
  • 23- сентябрь Эне тил куну
  • 5- октябрь мугалимдер куну 
 
Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулмандардын майрамы жана 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) да майрам күндөрү болуп саналат.

Бул кундору кыргыз эли расмий турдо эс алышат. 










.










 .



среда, 8 января 2020 г.

Кыргыз аскер кызматы


                      Кыргыз аскер кызматы
 

 Кыргыз Республикасынын калкы 6 млн 300мин. Анын ичинде 2 миллион 615 миңи жумушка жөндөмдүү экени айтылат. Аскердик кызматка жарамдуу жарандары 3 миллион 377 миңди түзөт. Кыргыз армиясы 136 мамлекеттин ичинен 91-орунда турат.
 
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 150 танк, 438 ок брондолгон унаа жана атайын техникалар, 30 өзү башкарылуучу артиллериялык шайман, 159 артиллериялык курал, 21 көп тармактуу ракеталык систем бар.Мындан тышкары 4 даана транспорттук МИ-8 тик учагы, 2 даана сокку уруучу МИ-24 тик учагы бар.
Кыргыз мамлекетинде аскер кызматкерлеринин учурдагы саны 17000, 10 мин резервде.  Ал эми өлкөнүн аскердик бюджети 240 миллион долларды тузот.



Кыргыз Республикасында жарандардын аскерге жарактуу мооноту 17 жаштан 45 жашка чейин. !6 жашка толгон балдарга эн алгач аларды тааныштыруу жургузулот, андан кийин качан гана ал 18 жашка толгондо милдеттуу аскер кызматына чакырылат. Аскер кызматын отоо бир жылды тузот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары 50 миң сом төлөсө, резервдик мобилизацияга 30 күнгө чакыртылып, 1-категориядагы запаска киргизилет жана аскердик кызматтарда иштөө мүмкүндүгүн алат. Ал эми аскердик кызматка барбай турган жарандар 25 миң сом төлөп альтернативалык аскердик кызматты өтөөгө болот. “Ден соолугу боюнча аскердик кызматка жараксыз деген чечими бар жарандар эч кандай акча төлөбөй, аскердик кызмат өтөөдөн бошотулат”.
 Альтернативалык аскердик кызматты отогондорго копчулук жарандар каршы. Анткени копчулук мекендештерибиз армияга баруу, мекенге кызмат кылуу эр жигиттин милдети жана намысы деп эсептешет. Чиновниктердин балдарынан аскердик кызмат отоого барбагандары копчулуктун нааразычылыгын жаратат. Азыркы учурда армияга жалан гана колунда жоктордун балдары гана барып жатат деген создор дагы бар.



 Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат.



 Аскер кызматынын мооноттору 
1. Аскер кызматынын мөөнөттөрү календардык эсептөөдө төмөнкүдөй белгиленет:
мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн - он эки ай;
чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицерлер үчүн - жыйырма төрт ай;

аскер кызматын контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн - Аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жоболордо көрсөтүлгөн мөөнөттөр.
2. Дисциплинардык бөлүктөрдө жазасын өтөп жаткан жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга жазасын өтөгөн мезгили мөөнөттүү аскер кызматынын мөөнөтүнө кошулуп эсептелбейт.
Аскерге чакыруу ж.б жонундо толугураак ↧↧↧

Кыздардын аскерге баруусу милдеттуу эмес. Бирок кызмат отойм деген кыздарга тыюулар жок. Кыздар үчүн армияда фельдшердик, медик, финансы кызматтар бар, кээ бир кыздар спецназ катарына келип, автомат көтөрүп, парашюттан секирип, жигиттер менен тең катар машыгып да жүрүшөт. 
Акыркы жылдарда армияга баргандардын саны азайып бараткандыктан мекенчил кыздардын да "Эгер эркектер барбаса биз барабыз" дегендерин угуп журобуз.
 Ошондой болсо да кыргыз жигиттери атта мыкты ойногон, ото намыской келишет. Андыктан кыздардын мырзалардын ордунда болуусу кыйындай.😍😍😍😍

Биздин олкодо кызмат отоо оной. Мисалы Тундук Корея олкосундо эч кандай альтернативалык отоо жок. Милдеттуу турдо кызмат кылуу шарт. 
 Аялдар 7 жыл, эркектер 10 жыл.Эгерде жогорку билимдуу болсо 3 жыл, бакалаврды аяктасаныз 5 жыл. Аскер формаларына жана тамак ашына каражат болунбойт. Кийимдер эски жана берилген тамак аш нормадан томон. 180 мин аял аскер, жалпысынан 7.7млн аскер бар. Ар бир аскердик болукто госпитал жайгашканы менен медициналык спирттен башка бардык даарылар акчага сатылат. 

  Ата-Мекен ар бир жаран учун ыйык жана милдет. Андыктан мекенибизди коргоодон качпай ар бирибиз салым кошолу. Армияга барбай жургондорду кызмат отоосуну каалар элек.😉😉😉😉😉

вторник, 7 января 2020 г.

Кытай жана Кыргызстан


                   Кытай жана Кыргызстан.

Сонку жылдарда олкобуздон жумуш издеп чет жакка чыккандардын саны осуудо. Москва, Германия, Корея, Кытай ж.б дээрлик дуйнонун бардык бурчунан оз мекендештерибизди жолуктурууга болот.  Москвада 300минге жакын, Кореяда 8000, Ал жми Кытай Эл республикасында болсо 170 мин кыргыз жараны жашайт. Миграциянын башкы себеби олкодогу жумушсуздук болуп саналат. Арабызда оз олкобуздо иштесек да болот дегенди бекем кармагандар да бар. Бирок, жашоо, турмуш оз жолун улайт, баары сен каалагандай боло бербейт дегендей.



Мейли турист катары баралы, бирок жумуш издеп Кытайга барбай эле койгонубуз жакшыдай. Анткени дээрлик 1.5 млрд калкы бар бул олкодо арзан маянага иштоого макул адамдар аябай коп. Онуккон олколордун катарында болсо да 100 млнго жакын киши абдан кедей жашайт. А биздин олко онугуп келе жаткан олко болгону менен калкыбыз ото бай. Кедей жашаган мекендештерибиз аз. Кытайда 30 млндой киши жер астындагы уйлордо жашашат. Аны себеби жогоруда айткандай эле калк кедей, мамлекет салган коп кабаттуу уйлор ташталып кеткен. Ал уйлор шаардан бир топ узак жана баасы да ото кымбат.




понедельник, 6 января 2020 г.

Германия жана Кыргыстан



    Кыргызстан              §               Германия


 Ал жактын адамдарынын баары бири бирине жылуу мамиле жасашат. Улуулар да омурлук жары менен кол кармаша журушот. Тааныш болобу, чоочун болобу дайыма ысык мамиле жасашат деген создорду достордон коп эле угуп журсонуз керек. Соз кайсыл мамлекет жонундо болуп жатканын сездик окшойт. Ооба, бул ошол сиз коп уккан Германия жонундо.

 Сонку мезгилдерден Кыргызстандан да Германияга жумуш издеп кеткендердин саны кобойду. Статистика боюнча бул олкодо азыркы учурда 1.5 минден ашуун мекендештерибиз эмгектенет, ал эми мекенибизде 9 минге жакын немец улутундагы жарандар бар Эми Германия менен Кыргызстандын ортосундагы айырмачылыктар жана окшоштуктар жонундо соз кылалы.




1. Германиянын калкы 80 млн. Бул олконун калкы жыл санап кобойгондун ордуна кайра азайып келе жатат. Эгер ушундай темпте кетсе 10 жылдын ичинде 65 млнго да тушуусу мумкун. Калктын азайуусунун негизги себеби аялдар орто эсеп менен 29 жашында балалуу болушат, эркектердин 35 жашында уйлонуусу бул олкодо нормалдуу  корунуш. 
1.1 Кыргыз калкынын саны сонку маалыматтар боюнча 6.5 млнго жетти. 2014-жылы 5 млн 777мин киши болуп катталган. Акыркы 6 жыл ичинде калктын саны 7жуз минге жакын кобойгон.  Уй було кутуудо болсо айымдарда орточо жаш 21-24 жаш. Эркектердин болсо 25-28 жаш. Ушундай эле Кытайда кыз 27 жашка чыкканга чейин, Кореяда 30.


2.Германиянын эли тазалыкты ото суйгон калк. Кочодогу таштандыларды дээрлик корбойсун.Алар жада калса сейилдетип жургон итинин артынан да тазалап кетишет. Андан сырткары аларда ичкен суундун ботолкосунукайра алып келип сатууга болот. Ал учун атайы жабдыктар орнотулган. Демек, кочодон ботолко чогултуу бул чакан бизнес десек да болчудай.
2.2 Кыргыз эли да тазалыкты суйот. Бирок азырынча тазалыкка анча маани бербегендейбиз. Анткени менен биз жашыл шаар учун жана шаар тазалыгы олконун корку деген сыяктуу флешмобтор коп уюштурулат. Онуккон олколорго караганда бир топ эле кир олкобуз. Жашырганда эмне жон гана копчулугубуз щаар тазалыгы учун салым кошбой келебиз. Негизи биздин олко жашыл, тоолуу олко болгондуктан аны таза кармоо коркуно корк кошот. Тазалык ишканалары иштегени менен жарандардын озу тазалыкты сактабаса, королгон эмгек натыйжасын бербейт.

3.Немец эли тактыкты жакшы коргон калк жана эч качан кечикпегендиги менен таанымал.Ошондой эле алар чынчыл, ар бир эмгектин акысы толонуусу керек деп эсептешет. Бироонун акысын жегендик, уурулук сыяктуу окуялар жергиликтуу калк тарабынан жасалбайт.
3.3 Биздин олко алардын тескериси, баардык коноктор саат 5 ке чакырылган болсо да, ал той саат 7 гана башталат деген тамашалуу соз бар эмеспи. Ошол сыяктуу кечигууну салтка айланткан олко биз болсок керек😊😊😊😊😊😊.


4.Немецтерде жумушсуздардын саны ото аз, болсо да алар тез аранын ичинде жумушка орношуусу кажет. Анткени ар 2 айда мамлекет текшерип турат. Эгерде эч жерге жумушка кабыл алынбаган болсо мамлекет озу жумуш таап берет. Бул албетте олконун ото бай экендигинин далили.Бул олкодо Жогорку окуу жайлары да бекер болуп саналат.
4.4 Биздин олко албетте Германия сыяктуу мамлекети бай эмес. Ошого жараша жумушсуздардын саны дагы бир топ.Кыргызстандагы жумушсуздардын саны 102 мин. Алардын 49 %ын аялдар тузот.


                            Суроттор интернеттен алынды.



 

воскресенье, 5 января 2020 г.

Улуу Мурас Кооз жерлер


                   Коз талдырган керемет жерлер




Кыргызстандын кооз жерлери ,турисстер коп каттаган мекен дегенде эле кыргызстандыктардын гана эмес, башка элдердин да оюна Ысык кол келет болуусу керек. Албетте, Ысык колду корбогон арманда, коргон кайра кайрылууну энсээри шексиз. Бирок, дайыма соз болгон, копчулук билген жерлерден сырткары коз жоосун алган, коруубуз керек болгон эн сонун керемет жерлер абдан коп. 



суббота, 4 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыз улуттук кийимдери

                    

                                                                                                                      
Кыргыз улуттук кийимдери (айымдардын)
  Кыргыздын улуттук кийими тарыхый узак мезгилдер бою көчмөн элибиздин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан, турмуш-шартына калыптаган. Орто Азия жана башка элдер менен карым-катнаш таасир кылса да, кыргыз кийими туруктуу улуттук өзгөчөлүккө ээ болгон. Кыргыз кийими байыркы кийимдердин үлгүсүндө бычылып, атка минүүгө жана жерге отурууга ылайык узун жана кенен тигилген. Кыргыз айымдары башка улуттардан айырмаланып жаш курагына жараша кийимдери да озгочолонуп тигилген.
 Жаш курагына жараша кандай кийимдерди кийишкендиги тууралуу тарых барактарынан окуп жургон болсок да, копчулугубуз эле аны толук биле бербесек керек. Кыргыздын улуттук маданияты этномаданият катары гана тарыхтан окулуп калабы деген ойлор да келбей койбойт.
 Айымдар тууралуу соз кыла турган болсок, жашына карай:
  • Секелек кыз (ойноок кыз)
  • Тестиер кыз (бой токтоткон кыз)
  • Беш кокул (бойго жеткен кыз)
  • Жубан, келин (куйоого тийген)⇒⇒колукту, зайып, аял ж.б
  • Байбиче--------- болуп болунгон.
 Секелек кыздардын-көйнөктөрү кенен, капталына кыйык салынып тигилип, жеңи колун жаап, этеги кызыл ашыкка жеткен. Бирок аялдардын көйнөгүнөн жакасы менен айырмаланып турган. Кыздардыкы ийинден ийинге чейин туурасынан бычылып, "туура жакалуу" көйнөк деп аталган. Кыздардын көйнөгүнүн эки ийинине боо байланып же топчу бүчүлөнгөн.Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан.

Бой токтоткон кыз- Кыз-келиндер болжол менен 1930-жылдан баштап көйнөктүн тышынан "кемсел" деп аталган жеңи чолок кийим кие баштайт. Секелек кыздар менен селкилердики жакасы жок болуп тигилип, седеп топчулар менен жыш кооздолгон. Кемселдин көпчүлүккө тараган аталышы — чыптама. Ал эми башына тебетей  кийишкен.Кундуз, суусар тебетейди колунда барлардын кыздары кийсе, шарты жоктор кыздарына көрпөдөн тигип беришкен. Кыздардын тебетейинин тышы кызыл манат, баркыт менен тышталып, чокусуна үкүнүн канаты, айрым учурда чоң чачы тагылган.


Бойго жеткен кыз-  —алардын айырмачылыгы койноктун сыртынан чапан кийип журушкон. Бойго жеткен кызга чапанды атайын арнап баалуу кездемеден тигип берип, кийин ал кийим кыздын себине кошулган. Башына шөкүлө кийип,ал - турмушка даяр болгон кыздардын назиктигин, кыймыл-аракетиндеги ийменүүчүлүктү, уяңдыкты, токтоолукту билдирип турат.




Келин-- турмушка чыккан кыздын кийими гана эмес чачынын ѳрүлүшү, баш кийими дагы алмашкан. Секелек кезинде беш көкүл чач өрдүрүп, тебетей кийип жүргөн кыздын чачы турмушка узап жатканда эки бөлүнүп өрүлүп, ата-энесинин төрүнөн шөкүлө кийип чыгат. Шөкүлө — кыз турмушка узап жатканда кийиле турчу конус түрүндөгү баш кийим. Күйөөгө тийгенден кийин келин шөкүлөнү 5-6 күнгө чейин башынан түшүргөн эмес. Күйөөгө тийгенден кийин келин элечек кие баштайт. Аны жашаган аймагына жана уруусуна жараша кээде тѳркүнү ороп узатса, айрым учурда барган жерине ороткон. Кээ бир маалыматтарда элечекти биринчи баласы тѳрѳлгѳндѳн тарта кийген деген да божомолдор бар. Бул баш кийимди аял өмүрү өткөнчө кийген. Кышы-жайы дебей башынан түшүрбөй, үй жумуштарын жасоодо да дайыма кийип жүрүшкөн. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. .

пятница, 3 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыз улуттук оюндары

                                              
                           Кыргыз Улуттук оюндары


 Бардык башка элдер сыяктуу эле кыргыз элинде да укумдан-тукумга уланып келе жаткан улуттук оюндары бар. Улуттук оюндардын кээ бирлери унутулуп калган болсо да, азыркы учурда ордун, маанисин жоготпогон оюндар да жок эмес. Улуттун улуу мурасы катары бааланып, унутулбай улуу казынаны толтуруп турган оюндар тууралуу бугун соз кылабыз. Кыргыз эли тарыхы бай,казынасы кенен калк. Ошол казынаны жогоруда айтып откондой оюндар да толуктайт.

                                                  Чуко 
 
Улуттук оюндардын сап башында чуко оюну турат. Чуко оюну кыргыз жана башка бир катар түрк-монгол жана башка мурдагы көчмөн калктардын элдик спорт оюндарынын бири..

Кыргыз эли мал менен өсүп-өнгөн эл. Ошондуктан малдын чүкөсүн (каржиликтин башына ашташкан кичинекей сөөк) байыртадан эле пайдаланышкан.Чүкө оюндары жөнүндө элдик фольклордо, «Манас» эпосунда, жазуучулардын чыгармаларында кеңири маалыматтар бар.  Манастын ашык ойногондугу, ордо аткандыгы айтылат. Чүкөнү мурда ашык, эңке деп да аташкан.
Чүкө салган баштык - тулуп, койдун чүкөсү - койгут (кээде аркардын кичирээк сакасы да койгут делет), эликтики - элик бапый, тоо теке, аркар, кулжаныкы - сака, эчкиники чыймыт, уйдуку - томпой, доңкей деп аталат. Абалак - мүйүздөн төрт кырдуу жасалып, негизинен ордого гана колдонулат. Чүкө оӊ, сол болуп бөлүнөт. Конушуна жараша алчы, таа, бөк, чик деп айтылат.

                                          Кок бору


 Көчмөн кыргыз элинин көк бөрү оюнун ата-бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан муунга өткөрүп келет. Ар бир элде бул оюн ар кандай айтылат, мисалы, биз көк бөрү десек, казак эли — кокпар, өзбектер купкари-улок, тажиктер – бозкаши дешет.
Көк бөрү оюну улуу "Манас" эпосунда да кездешет. "Чабандес улак тартышты, мергендер жамбы атышты" десе, "Сейтек" эпосунда "Атпай турган жер бекен, жатпай оюн көк бөрү, тартпай турган жер бекен", — делет. Бул оюн улакчынын тайманбастыгын, шамдагайлыгын, эпчилдигин, карандай күчүн талап кылат. Демек, ал оюндар күчтүү жоокерлерди, өз элин, жерин коргоого даяр аскерлерди өстүрөт.
   Совет доорунда бул оюнду эскинин калдыгы деп, ойнотпой тыюу салып келишкен. Улак тартыш айрым жерлерде гана ойнолуп калган… Кийин эгемендиктен кийин башкалар сыяктуу көк бөрүгө мамлекеттик деңгээлде маани берилип, "жан кире" баштады. Азырк учурда болсо кок бору оюну майрамдарда ойнолуп, ал тургай айыл жерлеринде себепсиз эле ойнолуп, жада калса мамлекеттик денгээлде уюштурулуп, ар кандай мелдештер да уюштурулуп келе жатат.

                                     Тогуз коргоол

 Тогуз коргоол – кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну.
Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. Манкала сөзү “жылуу, кыймыл” дегенди түшүндүрөт.Тогуз коргоолдун кыргызча вариантында оюнчунун негизги максаты болуп коргоолдорду көбүрөөк чогултуу болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 чукурчасы, ал чукурлардын ичинде тогуздан ташы болот.
Башка манкала оюндарынан айырмаланып, тогуз коргоол оюну төмөндөгүдөй эрежеси менен айырмаланат: эреже боюнча баардык алынган коргоолдордун ичинен бирөө сөзсүз ошол чукурдун ичинде калат. Бул көчмөн түрк элдеринин социалдык жашоосундагы ата-бабанын жайын сактоо салтын кандайдыр бир деңгээлде чагылдырып турат.

                                           Кыз куумай 

Кыз куумай оюну кургуздын эн байыркы оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.


                                   Ак терек- кок терек

  Ак терек, көк терек кыргыз элини эң манилуу жана кызыктуу оюндарынын бири.Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт ун менен:
Ак терек, көк терек,бизден сизге ким керек, – дейт.
Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала чуркап келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет.Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бироосун өз тарабына кошуп алат.
Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.




  Мындан сырткары ар кандай интеллектуалдык оюндар, ат оюндары абдан абдан коп. Алар:
  • Ат секиртмей
  • Багалак
  • Орто топ
  • Урмай уруу
  • Соок сындырмай
  • Келин жарыш
  • Оодарыш
  • Ат чабыш
  • Ак чолмок
  • Аркан тартыш ж.б    
Азыркы учурда кобунесе уул кыздарыбыз, негизи эле жаштар улуттук оюндарга анча маани бере беришпейт. Азыркы муундун оюну ар кандай интернет оюндары. Алардын ден соолукка тийгизген зыян таасирлери тууралуу ойлонуу дээрлик жок. Мисалы: пабджи. Бул оюнду беш жаштагы бала дагы ойноп жатат. Эми ойлонсок, биздин улуттук оюндар интернет оюндары менен алмашылып калабы? Келечек муундун ден- соолугу, олконун келечеги кооптуу абалда тургандай.  







Улуу мурас:Кыргыздын улуттук тамак аштары

                                    
                                      Кыргыздын улуттук тамак аштары


Кыргызстан жети канаты бар сындуу- жети облуска болунот. Кичинекей мамлекет болгону менен олкобуздо да облустук айырмачылыктар бар. Ар бир облустун озуно жараша озгочолуктору, бири- бирине такыр окшобогон айырмачылыктары байкалат. Алардын ичинде тамак аш жагынан да ар облустун ар туркун даамдары бар. Калк арасында тамаша чыны аралаш Оштун улуттук тамагы- аш (куручтон жасалган палоо), Таласта- гулчотай, Ысык-Колдо- ашлямфу, Нарында- беш бармак деген сыяктуу кептер бар. Бирок ошентсе да жалпы эле калкка тиешелуу улуттук тамак аштары бар. Алар тууралуу алдыда соз кылабыз:
  Кыргыздар тээ илгертеден эле эттен жасалган тамак ашты дасторкондон узбой, конок келсе жылкы, уй, кой союп, этини бутун казанга асып сыйлашкан. Негизинен эле эттен жасалган тамактарды жана эттин турлору менен дасторконду кооздошкон. Алардын сап башында кыргыздын кул азыгы турат. Бул азыкты кара кесек этти бышырып, кургатып, талкан аралаштырып, жыгач сокуга жанчып туз кошуп даярдашкан. Муну жоокерлер, жолоочулар же жол жүргөндөр кайнап турган сууга салып иче беришкен.

Койду союу алдында бата кылып, аны мууздагандан кийин (сойгондон кийин) анын кекиртегинин учун (мууздоону) отко кактап бышырып ооз тийишет. Андан кийин тууралган куйрук менен боорду жумшак кылып бышырып шорпого аралаштырып сунушат
                                           Куурдак
  Кой жаңы союлгандан кийин алды менен кара эттен жасалган куурдак беришет. Бул куурдакка картошка жана пияз кошууга болот. Мурда жалан гана суп кара эттен жасалган болсо, азыркы учурда кабыргалардан жасалган куурдактар той маарекелерде тартылып келет. Куурдакты бир гана кыргыз эли гана эмес кошуна казак, озбек дээрлик Орто Азия элинин баары жасашат. Ар олконун бул даамга кошулуучу озунчо озгочолуктору бар.
                                    
                                          Олобо
 
Олобо — өпкөнүн ичине татымына жараша туздалган майлуу сүт куюп бышырылган чүйгүн тамак. Аны куюлган өпкө деп да аташат. Малдын өпкөсүн бычак тийгизбей таза сактап союп алуу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин муздак сууга сала турат. Андан кийин өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, өпкө агарганча чайкайт. Суу менен тазалаган соң, өпкөнүн ичине сары май салып, тузу өткүл татыган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө батышынча куюу зарыл. Өпкө сүткө толгондо бир да жеринде темгили калбай, агарып калат. Сүт төгүлүп кетпес үчүн өпкөнүн оозуна эттен салып, эки-үч жеринен жип менен катуу байлап коет. Даяр болгон өпкөнү казанга салып, 45-60 мүнөт жай кайнатат.
                                                      Быжы 
 Койдун кара ичегиси, эт, ич май, күрүч, боор, көк боор,пияз, сарымсак, ашкөк, татымына жараша туз, зире, калемпир, мурч кошулуп жасалат. Быжыны бышыраардан мурда ичеги-карындарды туз татытылган муздак сууга чылап коюп, фаршын даярдоо керек. Этти кайнатып чыгарып, колго майда туурайт. Шорпосуна күрүчтү салып, күрүч жумшаганча кайнатат. Тууралган этти шорполуу күрүчкө кошуп, үстүнө калемпир-мурч, зире, ич май, пияз, сарымсакты туурап, татымына жараш туз салып демдеп коет. Андан кийин боор менен көк боорду эзип, фарштын үстүнө куюп, 1-2 аш кашык талкан же ун салып аралаштырат. Даяр болгон фаршты тузу сиңген ичгегиге куюп, 1-2 саатча жай кайнатып бышырат. Фарш салынган ичегинин ар бир 30-35 см аралыгы жип менен байланып турушу шарт. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерлерин ичке ийне менен сайып туруу керек. Антпесе, жарылып кетиши ыктымал.

                                        Бешбармак
 Бешбармак башка тамак-аштардан айырмаланып эч кандай вилка, кашыксыз аты айтып тургандай беш бармак менен, кол менен желет. Бешбармактын эң негизги курамын эт жана камыр түзөт. Ал эми пияз башында турган татымалдар кошулган ачуу чык да абдан маанилүү.
       Улуттук сый тамактын эң чүйгүнү болгон бешбармак нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча тамак катары калыптанган. Ошон үчүн аны ушул кезге дейре айрым карыялар “кесме нарын” деп коюшат. 
Бешбармакты даярдоо учун: Этти бышырып, жылуу боюнча майда туурайт. Эттин шорпосуна даяр болгон кесмени салып бышырып, тууралган эттин үстүнө салат да, даяр чыкты куюп аралаштырат. Үстүнө казы-карта туурап, дасторконго коет.  
Аталган тамак-аштар азыркы кундо той-аштарда жана ар кандай мааракелерде гана жасалбаса, кунумдук тамак катары коп жасап жебей калдык.  алардын ордуну палоо, манты, лагман ж.б жасоого оной болгон тамактар менен алмаштырдык.
 Мындан сырткары кыргыздын улуттук тьамак аштарына
  • Боорсок
  • Нарын
  • Чучук
  • Таш кордо
  • Гулчотай
  • Кесме 
  • Ич эттен жасалган даамдар кирет. 


 Андан сырткары 2018-жылы 1 тонна 464 кгдык бешбармак, 117 метр чучук жасалыпГиннес рекорддор китебине кирген.
Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине кирген эле. 






 








1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...