четверг, 2 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыз эли улуу эл!

                                                          Кыргыз эли улуу эл!

Мин жылдан ашык тарыхы бар улуу элибиз кылымдан кылымга омур суруп, тукумун улап, урпагын жоготпой келе жатат. Башынан эчендеген кыйын кезендер откон болсо да жаманга майышпай, душманга кайышпай өзүнүн биримдиктеги күчүн, акылдык күчүн дагы далилдеген. Улуу Ата-Мекендик согушта, Уркундө, дагы бир канча ревалюцияларда өзгөлөрдүн көз артканына карабай тарыхта өз ордун жоготпой, бүгүнкү күнгө келип жетти. Эгенмендүүлүк алгандан кийин да кыргыз эли башынан бир канча оор кырдаалдарды жашады.Бирок, канчалык кыйын, оор күндөр болбосун өзүнүн баатырдыгы, айкөлдүгү менен элибиз бүгүн да желегин бийик асманда желбиретип олтурат.

  Тарыхта жерибиздин кооздугуна көз артпагандар болгон эмес. Асман тиреген тоолору, жайкалган жашыл жайыттары көз жоосун алган. Душмандан элибизди жерибизди коргойбуз деп, согушта кан-жанын аябай кармашып ата-бабаларыбыз жерибизди бизге мурас кылып калтырган. Эр жигиттер намыска бек, кыраан жигиттер болуп, энелерибиз чыйраак, кыздарыбыз ийкемдүү, Улуулар акылман, кичүүлөр ызааттуу болгон. Кыргыз элинин салттарын бекем сактап, аны аздектеп урматтаган.



 

Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...