пятница, 3 января 2020 г.

Улуу мурас: Кыргыздын "Н" тамгасы Боз уй


                         Кыргыздын "Н" тамгасы Боз уй

Боз уй кыргыз элинин эмблемасы десек дагы болот. Ал колдонгонго абдан ынгайлуу жана жайы салкын, кышы жылуу болот. Боз уй кыргыздын байыркы мезгилден бери колдонуп келе жаткан турагы. Кочуп конууга ылайыктуу болуп, тигип-чечууго, башкача айтканда курап жыйноого да боло турган. Негизинен кочмон элдерге эн эле сонун турак жай. Ошондой эле ал кол онорчулуктун туу чокусу.Кыргыздын боз үйүн жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери — теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздар боз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоопкерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп.Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча кыр­гыздын боз үйү жана калмак (моңгол) боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.

 Боз уйдун жасалышы
 Кыргыз элинин ак оргоосу болгон боз уйдун жасалышын коруп- билип жургонубуз менен анын борлукторунун аталышын азыркы жаштар кобу эле биле бербесе керек. Сонку жылдарда боз уйду жайлоого чыкканда же болбосо кимдир бироо каза болуп аза куткондо гана колдонбосок, тарыхтагы турак жай катары жон гана окуп эле калдык окшойт. 
 Көчүүгө жеңил, каалаган жайга конууга ылайыкташкан, табияттын ар кандай катаал каршылыгына, сырткы күчүнө туруктуулук кылган боз үйүбүз ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого оңтойлуу болгон уйдун болукторунон кеп кылалы.

Боз уйдун жасалышы
  • Босого таяк – бул боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт
  • Жабык баш – көбүнчө кийизден оюлуп жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм.
  • ЖЕЛ БОО (түндүк боо) – Таар буюму, боз үйдүн боочуусуна кирет. Ал түндүктүн эки жагына тагылат да, көбүнче термеден болот. Үй тигүүдө – түндүк көтөрүүдө боо бакан менен кошо кармалат, Аны көбүнчө уук-керегеге кыстарып коет.
  • КААЛГА - (боз үйдүн каалгасы) –  бул мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча.
  • КЕРЕГЕ -Үй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү.  Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына башкача айтканда уук баштарына жараша болот.
  • КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма.
  • КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ – жайылган керегенин белинен курчала турган сызма өңдүү болот. Ал көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот. Эни 70 смге барабар.
  • КЫЛДЫРООЧ – Бул – боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Кылдырооч “эр жак”, “эпчи жак” деген эки бөлүктөн турат.
  • ТЕГИРИЧ – боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет
  • ТИЗГИЧ (уук тизгич) – боз үйдүн боочууларынын бири. Жапырт сайылган (тигилген) ууктардын жылып кетпеси үчүн билегине кыркалай имере оролгон сызма таар.
  • ТҮНДҮК -  бул – боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир чебердин колунан анча келе борбейт.
  • УУК -Орточо алганда ууктун алаканынын (билегинип) керегеге байлануучу жагы-нын узундугу 45-55-47-57 см, эни 2-35 2,2-36 мм келет. Анын аягында көзөнөк-чөсүндө жүндөн эшилген же колдо чалынган, же өрмөктө согулган “уук боосу” болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2-2,5 см, төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу 2,5-3 м дей келет.
  • ҮЗҮК -Бул- боз үйдүн кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана төркү үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат.
          Боз уй жана анын ички жасалгасы тууралуу кененирээк https://sptnkne.ws/dJGr 

Комментариев нет:

Отправить комментарий

1 ГЛАВА. БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АГАРТУУ ГЕЗИТТЕРИ 1.1     БАСМА СӨЗДҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮШҮ     ...